Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаран реанимацияга которулду

23 марта 2020 Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаран реанимацияга которулду

Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда эки адамдын абалы орточо оор деп бааланып жаткан. Анын бирөө кечээ жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Калган 12 жарандын абалы канааттандырарлык.

Кыргызстанда 14 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Алар Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген. Сузактын сегиз, Ноокаттын үч, Баткендин бир, Бишкектин бир тургунунан COVID-19 инфекциясы табылган. Мындан сырткары, Франциядан келген дагы бир кыргызстандыктын вирус жуктурганы белгилүү болду. 

sputnik