23 марта 2020
Саламаттык сактоо министрлиги кишиде коронавирустун бар-жогун 20 мүнөттө аныктай турган 5000 экспресс-тест сатып алганын Республикалык штаб билдирди.
Маалыматта аталган тесттер атайын эсептин каражатына алынганы айтылат.
"Бул экспресс-тесттердин пайдалануудагы жеңилдиги, арзандыгы жана жыйынтыкты тез арада алууга мүмкүндүгү ага артыкчылык берет. Эгер коронавирустун бар экени аныкталса, милдеттүү түрдө ПЦР анализи алынат. Тесттер эртеңден тарта колдонула баштамакчы", — деп айтылат маалыматта.
Рсепубликалык штаб экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка бир катар мамлекеттерде ийгиликтүү пайдаланылып келгенин белгилейт.