Кыргызстанда облустар аралык кыймыл токтотулду. Ким өтүп, ким өтө албайт?

23 марта 2020 Кыргызстанда облустар аралык кыймыл токтотулду. Ким өтүп, ким өтө албайт?

Кыргызстанда облустар ортосунда кыймыл токтоду. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал посттордо Ички иштер, Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматкерлери өлкө ичинде жүргөн, тагыраагы, бир облустан экинчи облуска каттаган жарандарды текшерүүдө.

"Эгер жөнү бар себеп болсо, мисалы, бир облустан экинчи облуска иш боюнча баратса, анда ал адам өткөрүлөт. Эгер жарандар жөн гана туугандарынын ал-абалын билүүгө же кандайдыр бир той-ашка бара жатса, алар өтө албайт, тыюу салынат. Мындан сырткары, ишкерлик менен алектенген жарандар дагы тоскоолдуксуз өтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 22-марттан тарта Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

sputnik