Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды

20 марта 2020 Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бүгүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокаттын үч тургуну коронавирус жуктурганын кабарлаган.

Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Бул боюнча Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиевдин буйругу чыкты. Ага ылайык төмөндөгүдөй чектөөлөр коюлат:

  • коомдук тартиптин сакталышы, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоо ишмердигин жана транспорттун иштешин камсыздоочу объектилерди коргоо күчөтүлсүн;
  • эл көп чогулган мекемелер жабылсын;
  • райондук штабдык мүчөлөрүнөн сырткары, транспорттун бардык түрлөрү менен Ноокат районунун аймагына кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга чектөө киргизилсин.

Белгилей кетсек, бүгүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокаттын үч тургуну коронавирус жуктурганын кабарлаган.

Үчөө тең Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келишкен. Учурда аймактык ооруканада жатышат, абалы канааттандырарлык.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Буга чейин Сузактын үч тургунунан табылып, алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө болчу.

sputnik