Чатырга тоңгон муз өтүп бараткан аялдын өмүрүн алып кетти. Алматыдагы трагедия

21 ноября 2018 Чатырга тоңгон муз өтүп бараткан аялдын өмүрүн алып кетти. Алматыдагы трагедия

Учурда полиция кызматы бул окуяны кокустук катары карап жатат.

Алматы шаарындагы райондордун биринде үйдүн 11-кабатынан түшкөн муз жерде өтүп бара жаткан аялга тийип, ал ошол жерден жан берген. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Окуя кечээ түш ченде болгон. Полициянын алдын-ала айтылган маалыматтарына караганда, муз Adal Residence деп аталган комплекстен түшкөн.

Трагедия элдин көзүнчө болгондуктан, алар окуяны видего тартып алган. 

"Анын кошуна үйдө жашай турганы аныкталды. 60 жаштагы аял ошол жерден көз жумган", — деп айтылат маалыматта.



Дагы: sputnik.kg, фото-© AFP 2018 / TAUSEEF MUSTAFA