Ошто ун алууга кезек күткөндөр. Сүрөт

19 марта 2020 Ошто ун алууга кезек күткөндөр. Сүрөт

Борбордук базарга таң атпай эки КамАЗ келип, 60 тоннадан ашык ун түшүрүлдү. Биринчи сорттогу ундун бир кабы 1350 сомдон сатылууда.

Ошто ун жарманкеси башталып, жергиликтүү тургундар узун кезекке турушту.

Ош шаардык мэриясы билдиргендей, ун калаанын үч жеринде сатылууда. Алар: Ош шаарынын кире беришиндеги Фуркат айылы, Кулатов кичи району жана борбордук базардын ичиндеги ун саткан жай.

"Борбордук базарга таң атпай эки КамАЗ келип, 60 тоннадан ашык ун түшүрүлдү. Биринчи сорттогу ундун бир кабы 1350 сомдон сатылууда. Түртүшкөндөр жок, абал тынч. Эл кезеги менен алып кетүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Кезек күткөндөрдүн көбү айылдардан, алыскы кичи райондордон жана шаардын чет жагында жашагандар келишкен. Ун чыгаргандар эгер муктаждык жаралса, дагы эки КамАЗ ун түшөрүн айтышты.

sputnik