Министр жыйынтыктар элге бүдөмүк болбошу үчүн эки лаборатория тең мыкты эл аралык стандартта иштей турганын белгиледи.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус менен катталган үч кишиден ооруну кантип аныкташканын айтып берди. Бүгүн ал журналисттер үчүн ыкчам маалымат жыйын курду.
Анын айтымында, учурда илдет жугузгандар Жалал-Абаддагы инфекциялык ооруканада.
"Кыргызстанда бүгүн түндө коронавирус менен ооруган үч учур катталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиясынан умрадан келишкен. Биз алгоритмди иштеп чыгып жатканда бул өлкөдө ооруга кабылганаар аз болчу. Ошол күндөн тарта алар үйдө медиктердин көзөмөлүндө болуп келген. 16-мартта Жалал-Абаддын Сузак районунда умрадан келген адамдардын биринин дене табы көтөрүлгөн. Аны менен биргеликте 8 адамдын ден соолугу текшерилип, лабораториялык изилдөөлөрү Бишкек менен Ош шаарынан каралган. Тастыктоо үчүн кечээ кечинде да анализ алынган", — деди Чолпонбаев.
Ал жыйынтыктар элге бүдөмүк болбошу үчүн эки лаборатория тең мыкты эл аралык стандартта иштей турганын белгиледи.
Коронавирус аныкталгандар 70, 61 жана 46 жашта экендиги белгилүү болду. Эми медиктер алар кимдер менен байланышта болгонун тактап жатышат.
Үч киши менен биргеликте учакта 135 киши келген. Ошол рейстеги 90 киши табылып, анализ тапшырууда.