Коронавирус акча аркылуу жугары аныкталды. Вирус кагазда канча күн жашайт

16 марта 2020 Коронавирус акча аркылуу жугары аныкталды. Вирус кагазда канча күн жашайт

Адистер көчөдө же коомдук жайларда жүргөн маалда бети-башты кармалай бербеш керектигин айтышты. Ошондой эле сырттан келгенде смартфонду антисептикалык каражаттар менен тазалап алуу сунушталат.

Коронавирус накталай акча аркылуу жугушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамаларына таянып Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) маалымдады.

"Уюмдун билдиргенине караганда, коронавирус кагазда 3-4 күн, желим буюм-тайымда тогуз күнгө чейин жашайт. Андыктан банк картасы аркылуу төлөм жүргүзгөндө пин-кодду терип жатып этият болуу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Адистер көчөдө же коомдук жайларда жүргөн маалда бети-башты кармалай бербеш керектигин айтышты. Ошондой эле сырттан келгенде смартфонду антисептикалык каражаттар менен тазалап алуу сунушталат.

Коронавирус боюнча акыркы маалыматтарга токтолсок, дүйнө жүзүндө жуктургандардын саны 169 385 болду. Алардын ичинен 6 513 киши каза таап, 77 257 киши сакайып кетти.

sputnik