Улуттук банка валюта рыногундагы кырдаал тууралуу билдирүү таратты.
Эске салсак, бүгүн, 10-мартта, Кыргызстанда доллардын баасы кескин жогорулап кеткен. Бир доллар 73 сомдон сатылып, 72,80 сомдон сатып алынууда.
"Негизги соода өнөктөшүбүз болгон өлкөлөрдүн каржы рыногу олку-солку болуп турганы байкалууда. Кыргызстандын соода жана каржылык операциялары ушул өлкөлөр менен байланыштуу болгондуктан каржы индикаторуна таасирин тийгизди", — деп жазылат билдирүүдө.
Мындай шартта Улуттук банк Кыргызстандын экономикасына тийгизип жаткан сырткы негативдүү таасирлердин мизин кайтарууга аракет кылып жатканы белгиленет.
"Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө алмашуу курсунун өзгөрмөлүү режимин карманып, иш алып барат. Бирок валюта рыногунун активдешип кетишине психологиялык факторлор жана жарандардын дүрбөлөңгө түшүүсү да катуу таасир этти. Доллардын курсу кескин түрдө жогорулагандыктан Улуттук банк 10-мартта кырдаалды турукташтыруу үчүн интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион доллар (анын ичинен накталай 4,0 миллион доллар) сатты. Учурда ички валюта рыногунда кырдаал туруктуу", — деп айтылат маалыматта.
Бул жыл башынан берки төртүнчү интервенция. Улуттук банк бааны ооздуктоо үчүн жалпы жонунан 140,2 миллион доллар саткан.
Ошондой эле Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү жетиштүү деңгээлде экенин кошумчаланды. Ал беш айлык импорттук товардын көлөмүн жаба алат. 9-марттагы абал боюнча эл аралык резервдин көлөмү 2 миллиард 428,26 миллион сомдун чегинде.