ИИМ: митинг учурунда ЖК аппаратынын кызматкерине кол салган аял кармалды

4 марта 2020 ИИМ: митинг учурунда ЖК аппаратынын кызматкерине кол салган аял кармалды

Садыр Жапаровдун тарапташтары чыккан митингде Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине кол салды делген 47 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Шектүүнү КРдин Жазык кодексинин 264-беренесине (“Массалык башаламандык”) ылайык кармашты.

"Бул аял коомдук тартипти бузуп, сөгүнгөн. Андан соң башка аялдар менен биргеликте Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине, ошондай эле митинг учурунда ары-бери өткөн адамдарга кол көтөргөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жакынкы күндөрү анын аракеттерине юридикалык баа берилип, балким башка берене аркылуу тескелет.

Бишкектеги митинг

Эске салсак, 2-мартта саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыккан.

Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент

Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппарат кызматкери менен сүйлөшүп кайра келген.

sputnik