Тишин көп жуубаган кишилер кандай ооруларга кабылат. Жаңы изилдөө

4 марта 2020 Тишин көп жуубаган кишилер кандай ооруларга кабылат. Жаңы изилдөө

Тиштин тазалыгы ден соолукка канчалык таасир этерин билүү үчүн адистер 2003-2006-жылдар аралыгында 190 000 ыктыярчыга көз салган.

Тишин бир күндүн ичинде бир нече жолу жууп, ооз көңдөйүн таза кармаган адамдар кант диабетинен алыс болот. Бул тууралуу Ewha Womans University университетинин (Түштүк Корея) окумуштууларына таянып Daily Mail басылмасы жазды.

Тиштин тазалыгы ден соолукка канчалык таасир этерин билүү үчүн адистер 2003-2006-жылдар аралыгында 190 000 ыктыярчыга көз салган. Арадан 10 жыл өткөн соң экспериментке катышкан адамдарды кайра сурамжылап көргөндө, алардын 16 пайызы кант диабетине кабылганы белгилүү болгон.

"Булардын көбүнчөсү тишин күнүнө бир гана ирет жууган адамдар болуп чыкты. Көрсө ооз көңдөйүндөгү пародонтоз, бүйлөлөрдүн сезгенүүсү сыяктуу биз анча маани бербеген илдеттер башка ооруларга себепкер болот экен", — деп айтылат макалада.

Мындан улам дарыгерлер тазаланбаган тиште пайда болгон бактериялар инфаркт менен инсульттан башка көптөгөн ооруларды пайда кыларын айтып, гигиенага өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

sputnik