Атамбаевдин сотто костюм шымчан отурган ирмеми. Сүрөт

3 марта 2020 Атамбаевдин сотто костюм шымчан отурган ирмеми. Сүрөт

Бүгүн, 3-мартта, Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча биринчи соттук процесс өттү. Анын негизги катышуучуларынын бири экс-президент Алмазбек Атамбаев болду.

Сот процессти жабык деп жарыялабаганы менен журналисттер киргизилген жок.

Экс-президенттин адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, сот залында тийиштүү шарттар жок болгондуктан, жыйын башка күнгө жылдырылды.

"Залда отургучтар жетишсиз, орун аз болду. Ал эми соттолуучулардын үнү кабинадан угулбай жатты", — деди адвокат.

Ал эми Атамбаевдин тарапташы, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн Facebook баракчасына сот залында отурган Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн жарыялады.

facebook

Экс-президенттин дагы бир тарапташы Кундуз Жолдубаева болсо Атамбаев Кой-Таш маселеси боюнча соттук процесстерге башынан аягына чейин катышарын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлөнгөндөргө расмий түрдө айып тагылган. Тизмеде Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши бар.

Ал эми Башкы прокуратура козголгон кылмыш ишти карап чыгып, сотко жөнөткөн. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылды:

39 ("Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу");

355 ("Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу");

337 ("Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу");

244 ("Адамдарды барымтага алуу");

264 ("Массалык башаламандык");

130 ("Киши өлтүрүү");

130 жана 39 ("Киши өлтүрүүгө аракет кылуу");

253 ("Курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу");

257 ("Ок атуучу курал-жаракты уурдоо");

338 ("Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу күч колдонуу же коркутуу") беренелери.

25-февраль күнү айып актыларынын копиялары күнөөлөнүп жаткан тараптарга тапшырылып, иш Биринчи май райондук сотуна өткөн.

sputnik