ИИМ: митингдин 100дөй катышуучусу кармалды

2 марта 2020 ИИМ: митингдин 100дөй катышуучусу кармалды

Садыр Жапаровдун митингге чыккан тарапташтарынын 100гө чукул катышуучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.

Бүгүн Бишкекте Жапаровду колдоп чыккан митинг өттү, алар саясатчынын бошотулушун талап кылышкан. Кечки саат 6ларга чукул тартип сакчылары акцияга чыккандарды таратууга чыгып, эки тарап кагыша кеткен.

Ушу тапта эмне болуп, митингчилер кантип таратылганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган тексттик трансляциядан окуп билсеңиз болот.

sputnik