Митингчилерди таратуу учурунда желим ок тийген кыз ооруканага түштү

2 марта 2020 Митингчилерди таратуу учурунда желим ок тийген кыз ооруканага түштү

Бишкектеги митингге катышкандарды таратуу учурунда жаш кызга желим ок тийген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, жабыркаган кыз ооруканага өзү кайрылган.

"Ок жеген кыз Улуттук госпиталга өзү барган. Ок төшүнө тийип, гематома бар экени айтылды. Учурда жабыркаган кыздын абалы канааттандырарлык", — дешти министрликтен.

Азыркы тапта ок жеген кыз ооруканада.

sputnik