"Ала-Тоо" аянтына митингге чыккандар 5 талап коюшту. Тизме

2 марта 2020 "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккандар 5 талап коюшту. Тизме

Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү талабын дагы коюшту.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Бакай Кашкарбаев митингге келгендердин негизги талаптарын санап берди:

Амнистия колдонуу менен Садыр Жапаровду бошотуу;

Сапаттуу соттук реформа жүргүзүү;

Насыяларды жеткиликтүү кылуу;

Чек ара маселесин чечүү;

Коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү.

Садыр Жапаровдун иши

Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 2017-жылы 10 жылга кесилген.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Өлкө башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан болчу.

sputnik