Бишкектин ооруканасына коронавирус жуктурган бейтап түштүбү? Министрликтин жообу

27 февраля 2020 Бишкектин ооруканасына коронавирус жуктурган бейтап түштүбү? Министрликтин жообу

Кыргызстандын интернет айдыңында "Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус жуктуруп алган киши жаткырылды" деген маалымат тарады.

Аудио билдирүү Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Бишкек сегодня" Telegram каналында пайда болду. Аны аял киши жаздырып, Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына оор абалдагы бейтап жаткырылганын айткан.

"Эки-үч күндөн кийин ал үзүлөт деп жатышат. Андан ашык кармай алышпайт экен. Бет кап кийип, имараттын ичин тазалоодо хлор колдонгула", — деп кайрылган аял.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтты. Мекеменин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине кыргызстандыктар бул жаатта тынчсызданбай эле койсо болорун белгиледи.

Буга чейин да коронавирус боюнча соцтармакта ушул сыяктуу фейк-маалымат тараган.

sputnik