Казак кудалар, көлөччөн келин, "Дордойдогу" абысындар. Кыргыздар тойго жөнөгөндө

27 февраля 2020 Казак кудалар, көлөччөн келин, "Дордойдогу" абысындар. Кыргыздар тойго жөнөгөндө

Жай баракат жашоо күнүн, кечигүүнү өзүнчө бир маданиятка, жашоо образына айланткан кыргыз эли негиздеген десек сонун жарашмак, бирок бул күндүн тарыхы таптакыр башкача. 2007-жылы шашма, кымгуут жашоодон тажаган италиялыктар жок дегенде бир күнгө өмүрдү токтотолу деген ой менен ушундай майрам ойлоп табышыптыр.

Бул күндүн урматына, бир аз кечигип калса дагы, колумнист Бегимай Бакашева өз туугандарынын башынан өткөн кызыктуу окуяны эске салды.

...Мындан 10 жыл мурда таежем Казакстандын Кордай тарабына турмушка чыгып, кудалар чоң үлпөт той бермей болду. Даярдыкты элестетип жатсаңар керек. Бир облустан экинчи облуска барарда эле укмуш шаан-шөкөт болот, бул жерде коңшу өлкө, бир тууганбыз деп айтканыбыз менен башка эл, башка журт, айтор, толкундоолор...

Туугандар Бишкектеги жездебиздин үйүнө чогулуп, ошол жерден чыгып кетишмек. Алар болжошкон жерге тойго бир күн калганда келе баштады. Ал күнү тойго даярдык катуу болду. Мал союлуп, көтөрө барчу ачуу-таттуусу дайындалып дегендей. Ал эле эмес, элдин баары дал ушул күнү мончого түшүп, эже, жеңелер ушул күнү чачын боеп, тырмагын жасатышы керек болду. Айтор, үйдүн ичи кымгуут, ар ким өз иши менен алек. Бир маалда күйөөгө тийип жаткан таежемдин тойго кийчү ак туфлисин биз тарап ала бармак болгонун бирөө эске салды (казак кудалар келинин бир нече күн мурда колдон алып кетишкен).

Анда бир жеңебиз "эч кам санабагыла, эртең "Дордойго" кийингени барганда ала коебуз" деп баарын жайгарды.

Ошентип таң атты. Той кечки саат 18.00дө Кордайдагы ресторандардын биринде болот. Ага чейин таежемдин туфлисин жеткирип бериш керек. Менимче, ал бут кийим күндүзгү "гулянкага" деле керек болсо керек, бирок бул жөнүндө эч кимибиз ойлонгон жокпуз. Чынын айтканда, мен эмне себептен туфлисин биз алып барабыз дешкенин, мындай идея кимден чыкканын ушул күнгө чейин сурап көрө элекмин.

Саат тогузга чукул тойго кийим-кече алабыз дегендер "Дордойго" жөнөштү. Эми ошол картинаны элестетип көрсөңүз, негизи базарга эки киши барганда эле бири жактырганын экинчиси жактырбай мурдун чүйрүп жатып, кантип убакыт өткөнүн билбей калат эмеспи. Ал эми бул жерде бөтөн элге кудага бара жаткан эже-сиңди, абысындар чогулган...

Үйдө калган эркектер улам-улам телефонду тындырбай жатып, акыры базарлагылар саат үчтө үйдө болушту. Ушул жерден эсиңерге салып коеюн, тойго үч саат калды. Бирок эжекелердин чачтары жасала элек. Анан, албетте, баары чогулганда бир чыныдан чай ичкенге отурбаса болбойт. Чек арадан өтүү үчүн дагы запастап убакыт бөлүш керек, анткени киши көп болгон учурда бир нече саат кезекте туруп калышың дагы мүмкүн. Албетте муну тойго барчулардын баары эле түшүнүп турат. Бирок...

Качан биз тойго маалында барчу элек. Алты дегенде алтыга кирип барсак болбойт да, анын үстүнө өзүбүз кыз тараптан, алыстан ат арытып келе жаткан куда болсок.

Саат кечки алтыга жакын кыргызстандык кудалар "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жетишти. Бактыга жараша, кезек деле жок экен, бирок миграциялык карталарды толтура баштаганда, таекебиз менен жездебиз паспортун үйгө унутуп калганы билинди.

Калгандарын өтүп кете бергиле дейин десе, жалдап барган чакан автобус кайра Бишкекке кайтып документти алып келиш керек. Ал ортодо "бат эле барып келесиңер да, тойго чогуу эле кирели" дегендер чыгып, туугандардын жарымы чек арада экинчи топту күтүп калышты.

Кеч курун шаарга кирип келген бус жол тыгынга кабылыппы же үйгө баргандар документин таппайбы, айтор, Бишкекке кеткендер саат согузга чукулдап калганда кайтып келишти.

Ошол учурда өткөрүү пунктунда калган туугандардын абалын айтпасам деле түшүнүп атсаңар керек. Кыскасы, биздикилер ресторанга саат онго чукул жетишти.

Күткөн кудасы той бүтө жаздап калганда келген казак тарап көпчүлүгү алагүү. Коногу келер-келбесине көзү жетпей калганда, өздөрү менен өздөрү "майрамдай" баштаганы айтпаса деле түшүнүктүү да. Таежебиз ак куудай сулуу, үстүндө аппак көйнөк. Болгону бутунда көлөч, көздөрүндө мөлт-мөлт кулаган жаш.

Ал той жаш жубайлардын жашоосуна эч таасир эткен жок. Азыр таежебиз аялзатына тиешелүү көп иш колунан келген, айылдын үлгүлүү келини, төрт баланын энеси. Кайын журту биздин келин деп сыймыктанып айтып, абысындары кеп-кеңешин сурап турушат.

Бирок ошол кечигүү биздин туугандар үчүн чоң сабак болду. Кийин мен турмушка чыкканда төркүнүм көлдөн төрт күн мурда келип дайынданышкан.

Эмне дейбиз, жай баракат турмушубуз бактылуу ирмемдерди тартуулай берсин дейин десем, жашообуз анча деле жай болбой баратат. Кайсы жакты караба, шаары дебей, айылы дебей, шашып эле жүргөн кишилер.

Эң негизгиси мындай кымгуут жашоодо жакындарыбыз үчүн убакыт таап, жылуу сөз айтканды унутпайлычы.

sputnik