Жээнбеков Москвага учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

27 февраля 2020 Жээнбеков Москвага учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвага учуп кетти. Өлкө башчы бир катар иш-чараларга катышмакчы.

Жээнбековду коштоп кеткендердин тизмеси:

Чыңгыз Айдарбеков — тышкы иштер министри;

Данияр Сыдыков — тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси;

Аликбек Жекшенкулов — Кыргызстандын Россиядагы элчиси;

Мирлан Бакиров — ЖК вице-спикери;

Эркин Асрандиев — вице-премьер-министр.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Марат Аманкулов, Тынчтык Шайназаров, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков бар.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Владимир Путин менен тар чөйрөдө жолугат. Андан сырткары, РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен сүйлөшүү пландалган. Ал эми кечинде Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш салтанатына катышмакчы.

sputnik