WhatsApp аркылуу иш таап... Финпол финансылык пирамида түзгөн компанияны аныктады

26 февраля 2020 WhatsApp аркылуу иш таап... Финпол финансылык пирамида түзгөн компанияны аныктады

Бишкекте финансылык пирамида аныкталып, аны түзүүгө "Айымдар ордосу" ишканасы шектелип жатат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) кабарлады.

Ведомстводон билдиришкендей, компания WhatsApp мессенджери аркылуу оңой жумуш жана жогорку маяна тууралуу жарнамаларды жиберип турган. Анда жумушка киргиси келген адам үч миң сомдон ашык акча берүү, мындан тышкары, дал ушундай эле каражат жана белектерди алып келе турган башка кишилерди табуу талаптары жазылган.

"Жумуш берүүчүлөр" республиканын ар кайсы тарабынан акча алып туруу үчүн атайын банктык эсептерди ачкан. Ошол эле компания белектер ойнотулган акция жарыялап, "утулуп калгандарга акчасы кайтарылат" деп алдашкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Финполго бүгүнкү күндө аталган компанияга даттанып 30 чакты киши кайрылды.

sputnik