Азия чемпионатында көзүнөн жаракат алган Улукбектин так диагнозу айтылды

25 февраля 2020 Азия чемпионатында көзүнөн жаракат алган Улукбектин так диагнозу айтылды

Индиядагы Азия чемпионатында көзүнөн жаракат алган балбан Улукбек Жолдошбековго дарыгерлер диагноз коюп, канча убакыттан кийин ден соолугу калыбына келерин айтышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 25-январда, Спорттук медициналык борбордун адистери башка оорукананын окулисттери менен биргеликте Улукбек Жолдошбековдун саламаттыгын текшерип чыгышкан.

Ага ылайык, адистер балбанга "каректи сыртынан каптап турган айнектей тунук челдин эки каты айрылып кеткен" деген диагноз коюшкан. 

"Дарыгерлер Жолдошбековдун көзү 7-10 күн аралыгында өзүнүн калыбына келет деп айтышты. Жаракат оор эмес экен. Эч кандай операция талап кылынбайт. Учурда спорттук медициналык борбордо дарыланууда. Аз убакыттан кийин машыгуусун улантып, мелдештерге катыша алат", — деди ал.

Садырбекова Жолдошбековдун медициналык тейлөөсүнүн чыгымын Спорт агенттиги каржылай тургандыгын белгиледи.

Эске сала кетсек, кечээ, 24-февралда, Индиядагы Азия чемпионатында алтын уткан Улукбек Жолдошбеков Бишкекке келген. Спортчу 23-февралда чейрек финалда иран балбаны менен күрөшүп жатканда, көзүнө атаандашынын колу кирип кеткенин айтып берген.

Күрөш учуру тартылып калган видеодон атаандашынын колу көзүнө кирип кеткенин жана буга карабай  атаандашын жеңип алганын көрүүгө болот.

Видео

Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында өттү. Мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы 11 медаль багындырды. Анын экөө алтын, үчөө күмүш жана алтоо коло.

sputnik