Байке, мас турбайсызбы! Каршы тилкеге чыгып кеткен жолтандабастын видеосу

24 февраля 2020 Байке, мас турбайсызбы! Каршы тилкеге чыгып кеткен жолтандабастын видеосу

Бишкек шаарында жолтандабастын айдоочусу чак түштө кетип бара жаткан автоунаалардын бирин сүзүп, дагы башкаларына кооптуулук жаратып жаткан учурдун видеосу тарады.

Окуя "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Видео

Андан кара түстүү Lexus GX 470 каршы тараптан келе жаткан Honda Stepwgn автоунаасын сүзүп алгандыгын, андан соң артка берип качып кеткенге аракеттенип, башкаларга кооптуулук жаратып жаткандыгын көрүүгө болот. Оңду-солду бурулуп жатып, дагы бир автокөлүктү сүзүп ала жаздаган.

Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, окуя Сүйөркулов менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ага күбө болгондор ал көчөдө эреже бузгандыгын айткан.

Видеодо сүйлөп жаткан кишилерден анын мас экендигин айтып жаткандыгын угууга болот.

Ал B 0946 AP номериндеги автоунааны айдап жүргөн. CarCheck сайтынан текшерип көргөндө 1000 сом айыбы бар болуп чыкты.

Кайгуул милиция кызматына баш бербей, башкаларга кооптуулук жараткан айдоочуну 12-кичи райондон кармашкандыгын айтышты. Жолтандабас атайын айып короого токтотулган.

Айдоочу мас болуп автоунаа айдап кырсыктады деген маалымат бүгүн жарыяланып, анда Honda CR-V автоунаасынын арыкка түшүп калганын көрүүгө болот.

sputnik