Бишкекте маршрутка оодарылып, 10 адам жабыркады. Видео

24 февраля 2020 Бишкекте маршрутка оодарылып, 10 адам жабыркады. Видео

Бишкекте жеңил унаа менен кагышкан маршрутка оодарылып кетип, 10 адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынан билдиришти.

Окуя 23-февраль күнү саат 08:00дө Москва менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктын видеосу Telegram-каналдын "Короче" тайпасына жарыяланды.

Видео

Милициядан билдиришкендей, Mercedes-Benz Sprinter менен Mazda Demio кагышкан. Анын кесепетинен Улуттук госпиталга беш, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна дагы беш адам кайрылган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

sputnik