Бүгүн өлкөдөгү бардык бейтапкана, ооруканалар иштебейт. Себеби айтылды

24 февраля 2020 Бүгүн өлкөдөгү бардык бейтапкана, ооруканалар иштебейт. Себеби айтылды

Бүгүн, 24-февралда, Кыргызстан боюнча оорукана, бейтапканалар иштебейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министрлик алты күндүк иш жуманын графиги боюнча иштейт.

Аталган министрликтин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилованын айтымында, дарыгерлер жумушка 2-январь күнү эле чыгышкан.

"Жаңы жылдагы эс алуу күндөрү боюнча чыккан өкмөттүн токтому беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү болчу. Дарыгерлер 2-январь күнү эле жумушка чыгышкан. Майрам, эс алуу күндөрүн жылдыруу Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү эмес, биз календарь боюнча гана иштейбиз", — деди Исмаилова.

Исмаилова жарандарга эмне себептен алдын ала маалымат таратылбаганын да түшүндүрдү.

"Жаңы жылда беш күндүк график менен иштегендердин эс ала турганы айтылган. Жарандардын көбү дарыгерлер календарь боюнча гана иштерин билет. Бүгүн бардык ооруканада нөөмөттө дарыгерлер турат", — Исмаилова.

Эске салсак, 2020-жылы кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен, 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан. Бул тууралуу өкмөттүн токтому чыккан. Анда 24-февралдагы дем алыш күнү (23-февраль дем алышка туш келет) 2-январдагы иш күнүнө жылдырылган эле.

sputnik