Сүйүнчү! Кыргызстандык балбан Жолдошбеков Азия чемпионатынан алтын алды. Видео

24 февраля 2020 Сүйүнчү! Кыргызстандык балбан Жолдошбеков Азия чемпионатынан алтын алды. Видео

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча алтын медаль утту. Бул тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында кабарланды.

Спортчу 61 килограмм салмак категориясында тажикстандык Мухамад Икромов менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишке жетти.

instagram.Видео

Ушул эле чемпионатта эркин күрөш боюнча Айпери Медет кызы, Азат Салидинов, Жоламан Шаршенбеков күмүш, Айсулуу Тыныбекова коло медаль алган. Руслан Царев, Ильяз Ренат уулу жана Роман Ким, Бекболот Мырзанар уулу менен Исламбек Орозбеков үчүнчү орунга татыган. Ал эми Арсалан Будажапов алтын медаль уткан.

Жалпы жонунан кыргызстандык спортчулар аталган чемпионаттан учурда санай келгенде баш-аягы 10 медаль тагынды.

Эркин күрөштү аркалаган балбан Жолдошбеков буга чейин 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында 2019-жылы да алтын тагынган.

Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. 18-февралда башталган мелдеш 23-февралда, бүгүн, жыйынтыкталат. Чемпионаттын программасында грек-рим, кыз-келиндер арасындагы жана эркин күрөш боюнча кармаштар өттү.

sputnik