Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатындагы алгачкы кармашында утулуп калды

21 февраля 2020 Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатындагы алгачкы кармашында утулуп калды

Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын биринчи кармашында япониялык Юкако Каваиге жеңилип калды. Беттеш UWW сайтында түз эфирден көрсөтүлдү.

Тыныбекова менен Каваи 62 килограмм салмакта күч сынашты. Жеңишти 6:1 эсеби менен япон спортчусу алып кетти.

Беттеш бүтөргө чукул эсеп 1:1 болчу, бирок Каваи атаандашын көтөрүп чапкандыгы үчүн беш упай алып кеткен. Эгер ал финалга чыга алса, Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт.

Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. 18-февралда башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат. Чемпионаттын программасында грек-рим, кыз-келиндер арасындагы жана эркин күрөш боюнча кармаштар өтөт.

sputnik