Атамбаев: кан басымым түшүп кеткендиктен дарыгерлерге кайрылдым

21 февраля 2020 Атамбаев: кан басымым түшүп кеткендиктен дарыгерлерге кайрылдым

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалын билүү үчүн ал отурган УКМКнын тергөө абагына барышты. Бул туурасында аталган институттан кабарлашты.

Маалыматта Атамбаев аларга ден соолугунан аксап жатканы боюнча айтып берген.

"Саламаттыгы туурасында ал "акыркы мезгилде кан басымым төмөндөп жаткандыктан медиктерге кайрылууга аргасыз болдум" деди", — деп жазылган маалыматта.

Андан сырткары, билдирүүдө Атамбаев абактын түзүлгөн шарттарына нааразылыгы жок экендигин айткандыгы кабарланган.

Атамбаевдин абалы УКМКнын тергөө абагында начарлагандыгын уулу Кадырбек жактоочу Замир Жоошевдин сөзүнө таянып Facebook баракчасына жазган. УКМКнын маалымат кызматы Атамбаевдин акыбалы туруктуу экенин, мамлекеттик комитеттин дарыгерлери күнү-түнү анын абалын көзөмөлдөп жатканын билдирген эле.

sputnik