1,4 млрд. доллары бар экен. Россиядагы эң бай аялдын ким экени айтылды

21 февраля 2020 1,4 млрд. доллары бар экен. Россиядагы эң бай аялдын ким экени айтылды

Forbes версиясы боюнча Россиядагы эң бай аял Wildberries деп аталган интернет-дүкөндүн ээси Татьяна Бакальчук экени анык болду.

Бир жылда ишкер айымдын акчасы 400 миллион долларга өсүп, учурда 1,4 миллиард доллар деп бааланган.

Бакальчук ошентип рейтинг боюнча акчалуу Елена Батуринаны басып өткөн. Аныкы 1,2 миллиард доллар экени айтылды.

Басылма, жаңы миллиардер аялдын акчасы Wildberries интернет-дүкөнүнөн түшкөн кирешеден улам көбөйгөнүн кабарлады. Өткөн жылы анын товар жүгүртүүсү 88 пайызга өсүптүр.

2019-жылы компания мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп, тагыраагы 164 миллион буюртманы аткарган. Товарлары да арбып, 1,8 миллиондон 3,6 миллионго чейин жеткен. Ал буюртмаларды ээсине 6 300 жерден жеткирип турган. Алар Кыргызстан, Белоруссия, Казакстан, жана Арменияда ачылган.

2020-жылдын январынан тарта Бакальчук Евробиримдиктин аймагында соода-сатыгын баштаган.

Бакальчук байлардын тизмесине 2018-жылы илине баштаган. Анда Forbes байлыгын 600 миллион доллар деп баалаган.

sputnik