Олимпиаданын лицензиялык турнири Кытайда эмес, Кыргызстанда өтөт

21 февраля 2020 Олимпиаданын лицензиялык турнири Кытайда эмес, Кыргызстанда өтөт

2020-жылдагы Токио Олимпиадасына лицензия берген күрөш боюнча турнир Кыргызстанда өтөт.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн аткаруу кеңеши бүгүн ушундай чечим чыгарды.

Мелдеш 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында болушу керек эле, бирок Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алган.

Ошондон кийин эл аралык спорттук уюм бир катар Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга турнирди өткөрүүгө сунуш киргизген.

"Кыргыз өкмөтү менен КРдин Күрөш федерациясы мындай маанилүү иш-чараны өз өлкөсүндө өткөрүүгө макулдук бергенине кубанып турабыз", — деген Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Ненад Лалович.

Бул чечимге ылайык, мелдештер эми 27-29-мартта Бишкек шаарында өтмөкчү.

Федерациянын аткаруу комитетинин чечими боюнча кытайлык спортчулар алгач Белград шаарына (Сербия) учуп, инкубациялык мөөнөттүн алкагында эки апта болушат. Ал жакта балбандарга машыгуу үчүн атайын база беришет. Алар 14 күндөн кийин гана Бишкекке келет.

sputnik