Казакстандын бажыдагы ашынган көзөмөлү. Кыргыз тараптын пикири

19 февраля 2020 Казакстандын бажыдагы ашынган көзөмөлү. Кыргыз тараптын пикири

Өткөн аптада Дүйнөлүк соода уюмунда (ДСУ) Казакстандын аракеттери боюнча жөнөткөн Кыргызстандын даттануусу каралган. Ал жыйында эмне тууралуу сөз болгонун жана Кыргызстандын бул маселе боюнча азыркы позициясын жыйынга катышып келген экономика министринин орун басары Элдар Алишеров айтып берди.

Эске салсак, ДСУнун Соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү комитетинин жыйыны 11-февралда Женевада өткөн. Кыргызстан казак тарап транзиттик товарларды өткөрүүгө чектөө киргизип жатканын айтып арызданган. Ал эми казак тарап бардык маселе Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр менен байланыштуу экенин билдирип, көйгөйдү эки тараптуу же ЕАЭБдин аянтчасында чечүү керектигин айткан. Ошондой эле 2019-жылы Кыргызстан бажылык башкаруусун колго албаганы Казакстандын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджетине зыянын тийгизерин кошумчалаган. Коңшу өлкө мындан тышкары дагы бир катар дооматтарды койгону маалым.

Министрдин орун басарынын айтып бергенине караганда, 2019-жылдын март айынан бери Казакстан соода-сатык боюнча бир тараптуу чектөөлөрдү киргизип, КР ишкерлери товарларын чек арадан тоскоолдук менен алып өтүп жаткандыктан, кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) кайрылууга аргасыз болгон.

Алишеров түшүндүргөндөй, ДСУ органдары бул маселе боюнча так кесе чечим чыгара албайт. Ал жөн гана консультацияларды өткөрүп, кимдин кандай иштеп жатканын эл аралык коомчулукка көрсөтүп турат. Ал эми ЕАЭБ чындап эле маанилүү чечим чыгарып бериши мүмкүн.

"Чек арадан өтүп бара жаткан ар бир кыргызстандык фуранын жүгүн күчөтүлгөн режимде текшерип, товарлар чыгарылып, таңгагын чечип турушкан. Бүткүл дүйнөдө мындай көзөмөл курал-жарак сыяктуу "өзгөчө" жүктөргө колдонулат. Жөнөкөй товарларга жүргүзүлүп жатканы түшүнүксүз. Негизи коңшулар мындай жол менен Тариф жана соода боюнча генералдык келишимдин 3, 5, 10 жана 11-беренелерин, Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү келишиминин 7 жана 11-беренелерин бузуп жатышат. Биз бул келишимдерге кол коюп, ратификациялаган элек", — деди Алишеров.

Ал ДСУ комитетинин жыйынында кыргыз тарап бул тууралуу кеп козгогондо, казакстандык аткаминерлер сөздү башка нукка буруп, аракеттердин бардыгы ЕАЭБ алкагында жасалып жатканын айтып туруп алышканына токтолду.

"ЕАЭБ алкагындагы маселелер Дүйнөлүк соода уюмунун аянтында каралбашы керек эле. Биз аны атайын 21-февралда өтө турган биримдиктин жыйынынын күн тартибине киргизгенбиз", — деди министрдин орун басары.

Ал кошумчалап кеткендей, Казакстандын Кыргызстанга карата мындай аракеттери боюнча маселе былтыркы жылдын жай айларында ЕАЭБге мүчө өлкөлөр жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) катышуусу менен өткөн жыйында талкууланган. Анда бардык тараптар Казакстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтышкан. Мындан тышкары, кыргыз өкмөтүнүн кайрылуусуна ЕЭК "Казакстан кылып жаткан аракеттер биримдиктин талаптарына жооп бербейт" деген бүтүм чыгарып бергени кошумчаланды.

Алишеровдун айтымында, казак бийлигинин кадамдары криминалдык элементтердин пайда болуусуна шарт түзүүдө.

"Өткөрүү пунктундагы кырдаалдан криминал дүйнөсү пайда көрүп жатат. Ишкерлердин айтымында, алар жүк ташуучулар менен Казакстандын көзөмөл органдарынын ортосунда "көпүрө" болуп, бир машинаны өткөрүү үчүн 3 миң доллардын тегерегинде акча алышат экен. Мисалы, күнүнө 100 машина өтсө, 300 миң доллар бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп жатпайбы", — деди Алишеров.

Бирок министрлик Кыргызстан менен Казакстан жөн гана коңшу эмес, бир тууган эл экенин эске алуу менен маселени талкуулоого, кеңешип чечим кабыл алууга дайым даяр экенин айтып, жакынкы арада тараптар консенсуска келерине ишеним артты.

sputnik