Жай келип калабы? Март айына карата аба ырайы

18 февраля 2020 Жай келип калабы? Март айына карата аба ырайы

Март айында аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп, кээ бир учурда күн кескин жылып, бир катар аймактарда +23 градуска чейин жетери кабарланды. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

Чүй облусу

Март ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен жогорулап отуруп, +3...+8 градуска чейин жетери айтылды. Күндүз +8…+13кө жетип, ал эми ысыган учурда +17...+22 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрдө абанын күндүзгү температурасы +1…+6га чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөрү кабарланды.

Талас облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градустан +1...+6га чейин, күндүз +7…+12ден тарта +16...+21 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын күндүзгү температурасы +1…+6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн дешти.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болот.

Ош, Жалал-Абал, Баткен облустары

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…+5тен өйдөлөп отуруп, +5...+10 градуска жетет, күндүз +11…+16дан тарта +18...+23 градуска чейин чыгат. Кээ бир күндөрү абанын күндүзгү температурасы +5...+10 градуска жогорулашы мүмкүндүгү айтылды.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3...+2 градустан +3...+8ге жетери айтылды. Ал эми күндүз +4…+9дан тарта +13…18 градуска чейин өзгөрүлүп турат дешти.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору кабарланды.

Ысык-Көл облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан өйдөлөп отуруп 0…+5 градуска жетет. Ал эми күндүз +2…+7 градустан көтөрүлүп, термометр +8...+13тү көрсөтөрү болжолдонууда.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Март ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дөн улам өзгөрүп отуруп, -3… +2 градуска жетет. Ал эми күндүз 0…+5тен тарта +8…+13 градуска чейин барат дешти. Кээ бир күндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градуска чейин жогорулай турганы айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Алай өрөөнү

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -12…-17 градустан -3…-8 градуска чейин, күндүз -1…-6дан +1…+6 градуска чейин өзгөрүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Суусамыр өрөөнү

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -15…-20дан -2…-7 градуска чейин, күндүз -2…-7ден сууктан +1…+6 градуска чейин өзгөрүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болору айтылды.

sputnik