ЖМК: Япониядагы лайнерде коронавирус жуктургандардын ичинде кыргызстандык бар

18 февраля 2020 ЖМК: Япониядагы лайнерде коронавирус жуктургандардын ичинде кыргызстандык бар

Японияда кармалып турган Diamond Princess круиздик лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында бир кыргызстандык жаран бар. Бул туурасында World of Cruising журналы жазып чыкты.

Дарыгерлер ал круиздик лайнердин бортунда бараткан чет элдик 67 жаран коронавирус жуктарганын аныктаган. Кеме 5-февралдан бери Япониянын Иокогама шаарында карантинде турат. Буга чейин 19-февралда лайнерди карантинден чыгаруу пландалганы кабарланган.

Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги 15-февраль күнү илдетке кабылган 67 адамдын жарандыгы тууралуу маалымат берген.

Анда Кыргызстандын 1, Австралиянын 5, Канаданын 3, Кытайдын 3, Германиянын 2, Гонконгдун 1, Индиянын 2, Япониянын 27, Филиппиндин 17, Тайвандын 1, АКШнын 5 жараны вирус жуктурганы айтылат.

Соңку маалыматтар боюнча, лайнердин ичинде 3 400 адам болгон, ал эми коронавирус жуктургандардын саны 450гө жеткени айтылат.

sputnik