Ат-Башыга логистикалык борбор курулбайт. Инвестор компания элге кайрылды

18 февраля 2020 Ат-Башыга логистикалык борбор курулбайт. Инвестор компания элге кайрылды

Ат-Башыга логистикалык борбор курулбай турган болду. Бул туурасында "Нарын" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Артур Байтереков билдирди.

Анын айтымында, инвесторлор буга чейин жердин ижара акысына төлөнгөн 43 миллион сомдон ашык каражатты кайтаруусун сураган.

"Логистикалык борборду кура турган "Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы" компаниясы долбоорду жабуу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Учурда биз буга чейин айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор тарабынан төлөнгөн 43 миллиондон ашык сомду кайтаруу жөнүндө өкмөткө кат даярдап жатабыз", — деди Байтереков.

Ошондой эле логистикалык борборду кура турган компания да билдирүү таратты.

"Логистикалык борбордун курулушуна биз 280 миллион доллар сарптоону пландаганбыз. Бул каражат компаниянын жеке ресурстарынын эсебинен бөлүнүп жаткан. Өлкө бийлиги менен сүйлөшүү учурунда биз объекттин курулуш планы бузулган шартта "Нарын" ЭЭА бир жактуу түрдө келишимди жокко чыгаруу укугуна ээ болсун деген шартка да макул болгонбуз.  Логистикалык борбордун курулушунун жүрүшүндө жана ал иштеп баштаганда орто эсеп менен 15 миңден кем эмес жумушчу иштемек.  Ал эми бюджетке алгачкы 8 жылда салык жана эмгек акы чегерүү түрүндө бир нече миллиард сом түшмөк", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле компаниянын калкка социалдык жактан да жардам берүү ниети болгонун белгилейт.

"Кадр кызматы жергиликтүү жаштардан адистерди даярдоо планын жана чет өлкөнүн окуу жайларына  жөнөтүү үчүн атбашылык кыз-жигиттердин тизмесин түзүп жатышкан. Алар биздин компаниянын эсебинен заманбап кесиптерге окутулмак. Биз жергиликтүү курулуш компанияларынан керектүү материалдарды сатып алууга, ташытууга  макулдашкан болчубуз", — деп айтылат маалыматта.

Бирок долбоорду ишке ашырууга тоскоолдуктар жаралып, токтотууга мажбур болушканын билдирет.

"Тилекке каршы, Ат-Башы районунун жашоочулары долбоордун иштешин каалабай, каршылык акцияларын өткөрдү. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгып жатканда биз узак мөөнөттүү долбоордун үстүндө иштөөгө мүмкүн эмес деп эсептейбиз. Мындан улам долбоорду жабуу чечимин кабыл алууга мажбурбуз", — деп жазылат билдирүүдө.

Соңунда компания Россия, Белоруссия, Бириккен Араб Эмирлигинин, Түркиянын жана башка Европа, Азия өлкөлөрүнүн ири компаниялары менен логистикалык борбордун аймагына өндүрүштөрдү алып келүү боюнча макулдашылганын кошумчалаган.

Эске салсак, бүгүн, 17-февралда, Ат-Башы районундагы администрациянын алдына жүздөгөн адам чогулуп, аталган аймакка логистикалык борбордун курулушуна каршы экенин билдиришти.

Нааразычылык акциясына чогулгандар резолюция кабыл алып, бийликке беш талап коюшкан.

Ат-Башы аймагына логистикалык борбор курулат дегенден бери эл тынчый элек. 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган аймакка барып, индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген. Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулмай болгон. Долбоордун сметалык баасы — 280 миллион АКШ долларын түзгөн болчу.

sputnik