Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат. Сүрөт

17 февраля 2020 Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат. Сүрөт

Жергиликтүү тургундар логистикалык борборду четөлкөлүк инвестордун куруусуна каршы болушууда. Ошондой эле жер 49 жылга ижарага берилип кеткенине нааразы экенин айтышты.

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун тургундары логистикалык борбордун курулушуна каршы митингге чыкты.

Райондук администрациянын алдына жүздөгөн адам чогулган. Жергиликтүү тургундар логистикалык борборду четөлкөлүк инвестордун куруусуна каршы болушууда. Ошондой эле жер 49 жылга ижарага берилип кеткенине нааразы экенин айтышты.

Эске салсак, 2019-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип, тараптар бир топ документтерге кол койгон. Анын ичинде "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсы жана One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын ортосунда соода-логистикалык борбордун курулушу жөнүндө келишимге да кол коюлган. Долбоордун сметалык баасы — 280 миллион АКШ долларын түзөт. 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев анын пайдубалына капсула салып келген.

Бул индустриялык-соода-логистикалык борбордун инвестору — "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы. Анын негиздөөчүлөрү Лю Инь, Эмилбек Абдыкадыров жана Ван Цзыюнь. Инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага жер алышкан. Алар жердин ижара акысынын 43 миллион сомго чукулун төлөшкөн.

Логистикалык борборду салчулар курулуш иштери апрель айында башталарын белгилешкен эле.

sputnik