Энеси ракка чалдыккан баласы үчүн чогулган акчаны кумар оюнуна жумшап салган

17 февраля 2020 Энеси ракка чалдыккан баласы үчүн чогулган акчаны кумар оюнуна жумшап салган

Англиянын Лидс шаарында жашаган Стейси Уорсли өзүнүн алты жаштагы уулу Тобинин оорусун дарылоого жыйналган каражатты кумар оюунуна коротуп салган.

The Mirror басылмасынын маалыматы боюнча, балага 2017-жылы “нейробластома” диагнозу коюлат. Дарылоо камсыздандырууга кирбегендиктен, энеси акча жыйнай баштайт. Үч ай ичинде ал болжол менен 200 миң фунт жыйнайт. Аталган сууманы “Лидс Юнайтед” футбол клубунун мүчөлөрү менен күйөрмандары чогулткан. Андан тышкары, 25 миңин испан клубунун жарым коргоочусу Самуэль Сейс берген.

Алгачкы дарылоодо баланын баш сөөгүнөн метастазалар табылган эмес. Бирок, кийинчерээк балага мээнин рагы диагнозу коюлат.

Дарылоо учурунда жыйналган каражаттын жарымы жок болуп кеткен. Муну баланын энеси акчаны кумар оюндарына коротуп салганы менен түшүндүрөт. Каражат жетишпегендиктен, 2019-жылдын январында бала көз жумат.

Лидс королдук соту Стейсини эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.