Ат оюндарынын кызыгына баткан кыз-жигиттер. Ат-Башыда өткөн мелдештин видеосу

16 февраля 2020 Ат оюндарынын кызыгына баткан кыз-жигиттер. Ат-Башыда өткөн мелдештин видеосу

Көк бөрү мелдешине Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаары менен талаа ээлери Казыбек айылынан түзүлгөн жети команда катышты.

Финалда Жумгал районунун командасы Ак-Талаанын улакчылары менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми Кочкор районунун көк бөрүчүлөрү 3:2 эсебинде Казыбек айылынын командасын утуп, 3-орунду алды.

Натыйжада баш байгеге Lada 2109 үлгүсүндөгү автоунаа, экинчи орунга тай, үчүнчүгө 10 миң сом ыйгарылды.

Ат оюндары федерациясынын Нарын облусу боюнча жетекчиси Эрмек Бактыгулов аталган спорттук иш-чара айыл тургундарынын демилгеси менен уюшулганын билдирди.

"Бүгүнкү оюндар Ат оюндары федерациясынын "Кыргыз Жаш-Күч" коомдук бирикмесинин колдоосу жана ушул айылдын жаштарынын, спорт сүйүүчүлөрүнүн биргелешкен ынтымагы менен өтүп жатат. Бизге Казыбек айылынын тургундары, досторубуз, туугандарыбыз демөөрчүлүк кылды. Муну менен улуттук оюндарды жайылтууну максат кылдык", — деди Бактыгулов.

Жакында эле Ат оюндары федерациясы түзүлүп, анын карамагына эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөрү кирди. Федерациянын президенти Улан Майлибашев Ат-Башыда алгачкы оюну өтүп жатканын белгиледи.

"Улуттук оюндар — эзелтен калган улуу мурас. Спорт, маданият аркылуу элди бир туунун алдына бириктире алабыз. Андыктан Ат оюндары федерациясын негиздеп, расмий каттоодон өттүк. Бул оюндарды Кыргызстанга эле эмес, дүйнө жүзүнө дагы таанытканга аракет кылабыз. Кудай буюрса, күзүндө Көчмөндөр оюндары келе жатат. Ага да катышууга аракет кылабыз", — деди Майлибашев.

Мындан сырткары, бүркүт салуу, тайган агытуу жана жаа атуу боюнча салбуурун да өттү. Катышуучуларга медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.

sputnik