Белгилүү теле алып баруучу Назгүл Кожокулова көз жумду

16 февраля 2020 Белгилүү теле алып баруучу Назгүл Кожокулова көз жумду

Бүгүн, 16-февралда, белгилүү теле алып баруучу Назгүл Кожокулова дүйнө салды. Кабарды жээни Асел Эркинбаева тастыктап берди.

Журналист көп жыл бою мамлекеттик телеканалдарда иштеп келген. Тууганынын айтымында, Кожокулова көптөн бери ооруп жүргөн.

Маркумдун тажиясы Бишкектин 11-кичи районундагы үйүндө өтүп, сөөгү Орто-Сай айылында жерге берилет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Казгүл Кожокулованын жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

sputnik