Кумтөрдөгү кырсык: жоголгон киши, жөнөп кеткен суучулдар. Окуянын чоо-жайы

16 февраля 2020 Кумтөрдөгү кырсык: жоголгон киши, жөнөп кеткен суучулдар. Окуянын чоо-жайы

Кумтөр кенинде экскаватор айдоочусу менен кошо болжол менен саат 18:00 чамасында Петров көлүнө кулаган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Башка маалымат булактарынын айтымына караганда, кырсыктаган 54 жаштагы киши Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын жашоочусу.

Эске салсак, "Кумтөр" компаниясынын кызматкери экскаватор менен иштеп жатканда мөңгүдөн жылып кетип, Петров көлүнө кулаганы кабарланган. Анткен менен экскаватордогу жумушчу туурасында так кабар жок.

Буга чейинки маалыматтарда аны Кумтөр компаниясынын куткаруучулары менен суучулдары издеп баштаган.

Издөө иштерине ӨКМдин Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көл облустук башкармалыгынан суучулдары тартыла тургандыгы айтылды. Алар кенге түндөп чыгып кетери кабарланган.

Бул "Кумтөр Голд компани" ишканасындагы акыркы мезгилдеги экинчи кырсык. Буга чейин да 2019-жылдын 1-декабрында Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жок болгон. Кийин издөө иштери натыйжасын берген эмес.

sputnik