40ка чыккыча кайната-кайненемен уруксат сурайбыз. Күйөөсүнө нааразы келиндин каты

16 февраля 2020 40ка чыккыча кайната-кайненемен уруксат сурайбыз. Күйөөсүнө нааразы келиндин каты

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кайын-журтунун мамилесине, күйөөсүнүн чечкинсиздигине нааразы болгон келиндин каты жарыяланды.

...Жолдошум такыр чечкинсиз. Жашы 40ка чамалап калса да ата-энесине оюн айта албайт. Кайын-журтум динге башкача ишенген адамдар. Баласы өз оюн айтып же өз алдынча чечим кабыл алса эле "сыйлабайсың" деп жаңжал чыгарып, кулак-мээсин жейт. Күйөөм ичпейт, табышкер, эмгекчил жигит, бирок анын тапканын ар бир тыйынынан өйдө апасы алат.

Мындан төрт жыл мурда жолдошумдун ата-энеси мени сураштырып таап, ата-энеме куда түшүп барышкан. Бул нике экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Эки балалуу болдук. Башында мурунку аялына жолугуп да жүрдү, ага да чыдадым. Анысы күйөөгө тийип кеткенден кийин гана мага көңүл бура баштады.

Жолдошум жалгыз бала болгондуктан, шаарда кайнатамдар менен бирге турабыз. Өзүм жогорку билимдүүмүн, магистратураны да өз күчүм менен бүткөм. Анан "бир иш баштайлы, минтели" деп күйөөмө мотивация берем, ал "макул" деп ата-энесине айтат. Анан эле "обу жок, айлык күтүп эле жашаган жакшы" деп мени тилдеп жатып калышат.

Экөөбүз бири-бирибизди жакшы эле түшүнүшүп жашачудайбыз. Бирок ата-энесинин, карындаштарынын тилинен чыга албайт. Кайын журтум баарына киришип, 40 жашка жакындап калсак да конокко да уруксат сурап барабыз. Эгер мени жибербей коюшса, күйөөм жалгыз кетип, мен үйдө калып калам.

Биринчи турмушумдан эки кызым бар. Бирок кыздарым жайында каникулда эле келгени болбосо, айылда ата-энемдин колунда турушат. Алар келгенде да кайындарым жактырбай, баскан-турганынан кынтык издей берет. Айла жок, ага да көз жумам. Жолдошум жакшы эле аталык милдетин аткарайын дейт, үйүндөгүлөрдөн тартынат.

Кайын сиңдилерим болсо сагындырбай, кезек менен келип турушат. Канча сыйласам да жеңе катары сый мамиле кылмак турсун, тийишип, асылып, басынтканын байкайм. Айтпаган сөздөрү да калбады окшойт. Ушундан улам мен да аларга сыртымды салып, көп ачылбай калгам.

Чырдашуу эки жактан тең кетет. Мен өзүмдү акмын дебейм. Биздин келишпегенибиздин себеби да эки башка тарбияданбы деп ойлойм. Мени ата-энем чечкиндүүлүккө, маселени эзилип жүрө бербей чечип салууга, жоопкерчиликке үйрөткөн.

Кудайдын куттуу күнү уруш. Акыры такыр оюмду айтпас түнт да болуп кеттим. Бирок ичимден буулугуп, ызаланам. "Өзүнчө бөлүнүп жашайлычы" дейм. Жолдошум такыр эле болбойт. Акыркы жолу чоң чыр чыгып, балдарымды, жүгүмдү алып ата-энемдикине кетип калгам.

Жолдошум чалып жатат, бирок дагы эле үйүндөгү сөздөрдү, ар кимдин оюн айтып көңүлүмдү калтырчу болду. Ушундан улам психологдун кеңешине муктаж болуп турам. Жолдошумдун ата-энесинин таасиринен чыга албаганын, чечкинсиздигин жайына коюшум керекпи же ошол кырдаалдан сууруп чыга аламбы? Мен окуучулук кезде да, студент болуп жүргөндө да эркек балдар менен сүйлөшүп көргөн эмесмин. Ошентип турмушка (биринчи күйөөмө) чыгып кеттим. Мындан улам эркектердин табиятын, психологиясын түшүнө албайт окшойм деп ойлоп калдым. Күйөөмдүн өз алдынча чечим кабыл ала албаганы кадыресе көрүнүшпү же өз курагынан артта калгандыкпы?

Анын чалып алып үйүндөгүлөрдүн ар кандай сөздөрүн мага айтканын эстеп абдан ызаланып турам. Жалгыз бой деле турмуштун арабасын тартып кетсемби деген да ойлор келип жатат. Ушундай адамды сүйрөп, баарына кайыл турмуш кечирүү керекпи?

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— "Үй-бүлөмдү такыр жоготуп албайын" деп психологго кайрылуунун өзү эрдик. Үй-бүлөнү бузуу оңой, бирок кайра куруу кыйын. Биринчи жолдошуңуз менен эмне себептен ажыраштыңыз эле? Анда деле кайын-журттун, жолдошуңуздун айынан ажырашсаңыз, кайра эле ошол кырдаал кайталанууда. Өзүңүз да кайын журт, күйөө деген ушундай болот деген ишенимди мээге сиңирип алышыңыз мүмкүн. Мындай түшүнүк психологияда "перенос" деп аталат. Муну оңдобосоңуз, үчүнчү турмушта деле кайталана берет. 

Катыңыздан байкашымча "мен" деген сөз көп. Адам өзү тууралуу эле айтып калганда башка кишини түшүнө албай, жакшы жактарын көрбөй калат.

Туура, сиз дагы өзүңүздүн ак эместигиңизди айтып жатасыз. Мүмкүн өзүңүздүн да кетирген кемчиликтериңизди карап, аны оңдогонго аракет кылаттырсыз.  Бирөөнү күнөөлөөдөн мурда адам өзүнүн кемчилигин карап чыгышы керек.

Кайната-кайненеңиз динге берилген адамдар экен. Үйдө ичкилик ичилбейт. Жолдошуңуз табышкер. Демек, бул жерде баары жайында. Болгону адамдардын ортосунда мамиле жолго салынган эмес, бири-бирин түшүнүү жок.

Кайын сиңдилериңиздин сизге асыла берген себеби да аларга толук ачылбай, сыртыңызды салып койгонуңузда болуп жүрбөсүн.

Ал эми кыздарыңыз тууралуу айтсам, бирөөнүн баласын өзүнүкү болбогондон кийин башка кишиге таңууласаң да жакшы көрө албайт. Башкадан балдарыңызга мээрим күтпөңүз. Күчүңүздүн жетишинче аларга мээримиңизди төгө бериңиз. Ошол эле жетиштүү болот. 

Кайындарыңыз конокко жибербегенин жазыпсыз. Кайненеңизге жолдошуңуз менен чогуу мейманга баргыңыз келерин түшүндүрүп, ачык айтсаңызчы. Ал киши түшүнөт деген ойдомун.

Жолдошуңуздун сизге чалып жатканы, демек, ал үй-бүлөнүн бузулушун каалабайт. Силер өзүнчө бөлүнүүнү чечкен күндө да анын ата-энесине кайрылып, түшүнүшүп алганыңар оң.  Ушул жерден анын ата-энесинин ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз.

Эң жакшысы шаарда психологдор көп, ошолордун бирине кайрылып, жекече кеңеш алганыңыз оң.

Күйөөңүздүн ата-энесинин сөзүнөн чыга албаганы кадыресе эле көрүнүш. Ата-энеси ага дайым камкор болуп, көзөмөлдөп, ойлорун ортого салып жүрүп ошондой болуп калган. Аны кичине кезде алган тарбиядан деп эсептеш керек.

sputnik