14 февраля 2020
Буга чейин Билим берүү башкармалыгын Мейрманова жетектеп турган маалда көйгөйлөр топтолуп, бирок чечилбей жатканы айтылган.
Бишкектин мэри Азиз Суракматов муниципалитеттин алдындагы Билим берүү башкармалыгын жетектеп келген Сауле Мейрманованын арызын канааттандырганын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
Эскерте кетсек, Мейрманова иштен кетүү боюнча арызын 13-февраль күнү жазган.
"Сауле Мейрманова өзү чарчаганын айтып, кызматтан бошотууну өтүндү. Биз суранычын канааттандырдык", — деди Түлөбаев.
Анын айтымында, ушу тапта башкармалыкты жетекчинин орун басары Наталья Никифорова башкарып турат. Ал эми жаңы жетекчи конкурстун негизинде тандалмакчы.