Абылгазиев вице-премьерлик кызматка Мадумаровду сунуштады

12 февраля 2020 Абылгазиев вице-премьерлик кызматка Мадумаровду сунуштады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьерлик кызматка Акрам Мадумаровду сунуштады.

Учурда анын талапкерлигин парламентте көпчүлүк коалиция карап жатат. Абылгазиев сунуштаган талапкерин өзү тааныштырды.

Акрам Мудумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектечү. Ал кечээ өз ыктыяры менен арыз жазып кеткен Жеңиш Разаковдун ордуна көрсөтүлүүдө.

Разаков Sputnik Кыргызстандын кабарчысына үй-бүлөлүк себептерден улам вице-премьерлик кызматын тапшыруу чечимин кабыл алганын айткан.

Ал буга чейин күч түзүмдөрү жана чек ара маселелерин тескеп келген.

sputnik