Бирөө оор абалда. Түндө 4 кишинин өмүрүн алган автокырсыктын чоо-жайы

12 февраля 2020 Бирөө оор абалда. Түндө 4 кишинин өмүрүн алган автокырсыктын чоо-жайы

Кишилер каза тапкан түндөгү автокырсыктан дагы бир жаш жигит Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди.

Аталган борбордун кызматкерлери Sputnik Кыргызстанга ал жигит бир нече жаракаты менен комада жаткандыгын айтты.

Автокырсык 11-февралда 22.30дар чамасында Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо конушунда болгон. Анда Nissan менен BMW автокөлүктөрү кагышып, төрт адам көз жумган.

Бишкектеги Кайгуул милициясынан Sputnik Кыргызстанга төмөнкү жаштагы адамдардын каза болгондугун билдирди:

31 жаштагы жаран, Nissan автоунаасынын айдоочусу;

25 жаштагы аял, Nissan автоунаасынын ичинде болгон;

19 жаштагы улан, BMW автоунаасын айдап бараткан;

19 жаштагы улан, BMW автоунаасынын ичинде бараткан.

Булардын сырткары, BMW автоунаасынын ичинде бараткан 19 жана 18 жаштагы уландар да жаракат алган. Алдын ала берилген маалыматтарда машиналардын бири жолдун каршы тилкесине чыга калгандыгы айтылууда. Учурда тартип коргоо кызматкерлери ишти иликтөөгө алды.

sputnik