Бишкекте жоголгон 16 жаштагы кыз хостелден табылды

11 февраля 2020 Бишкекте жоголгон 16 жаштагы кыз хостелден табылды

Бишкекте жоголгон 16 жаштагы Айдай Аят кызы табылды. Бул туурасында анын туугандары Sputnik Кыргызстанга кабарлады.

Кыз 10-февралда болжол менен саат 15.00дө Токомбаев менен Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыккан бойдон кайрылып келген эмес. Мындан улам аны туугандары жана милиция кызматкерлери издеп баштаган.

"Айдай борбор калаадагы хостелдердин биринен табылды. Учурда Октябрь райондук милиция бөлүмүндө отурабыз, абалы жакшы. Эмне себептен дайынын билдирбей кеткенин кийинчерээк сурап билебиз", — деп айтышты туугандары.

Октябрь РИИБи аталган маалыматты Sputnik Кыргызстанга тастыктады.

sputnik