Түркиянын куралдуу күчтөрү Идлибде Сирия армиясынын соккусуна жооп берди

11 февраля 2020 Түркиянын куралдуу күчтөрү Идлибде Сирия армиясынын соккусуна жооп берди

Түркиянын куралдуу күчтөрү Идлибде Сирия армиясынын артиллериялык соккусуна жооп кылып алардын 101 жерин талкалады. Бул туурасында РИА Новости Түркиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

"Алдын ала берилген маалыматтарда, Сирия армиясынын 115 жери аткыланып, 101ине тийген. Анын ичинен үч танка жарактан чыгып, бир тик учак атып түшүрүлгөнү айтылды", - деп билдирди аталган ведомство.

Буга чейин министрлик Сирия тараптын аткылоосунан түркиялык беш аскер каза таап, дагы беш жоокер жаракат алгандыгын кабарлаган эле.

Өткөн аптада Түркия Идлибдеги абал курчуп турган аймактагы байкоочу жайга атайын даярдыктагы аскерлерди түшүргөн.

Анкара чыгып кетпестен, ал жайды бекемдеп жаткандыгын Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган 4-февралда айткан.

Бул расмий Анкара сириялык тараптын артиллериялык аткылоосунан түркиялык беш аскер жана үч жай жаран каза тапты деген билдирүүсүнөн кийин болду.

Эрдоган Түркиянын куралдуу жооп кайтаруусунан сириялык 76 аскер каза тапкандыгын жар салган.

5-февралда Россия менен Түркия лидерлери - Владимир Путин жана Эрдоган телефондон сүйлөшкөн. Анда Түркия президенти россиялык кесиптешин Сирия башчысы Башар Асадга армиясы Идлибге кол салуусун токтотуп, түркиялык байкоо жайларынан оолак болушуна таасир этүүгө чакырган.

Сириянын түндүк-батышындагы абал

Россия, Иран жана Түркия 2017-жылдын май айында Астана (азыркы Нур-Султан) шаарында Сириянын тынч эмес жайларында төрт аймак түзүү боюнча сүйлөшкөн.
Алардын үчөө 2018-жылы Дамаскынын жеке көзөмөлүнө өткөн. Акыркы, төртүнчүсү, Идлиб провинциясында, Латкия, Хама, Алеппо провинцияларына жакын жайгашкан. Аймак азыркыга чейин өлкө бийлигине баш ийбей келет. Анткен менен анын көп бөлүгү ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Жебхат ан-Нусра" террордук уюму тарабынан басып алынган.

sputnik