Жогорку Кеңештин 21 депутаты парламенттик шайлоо учурунда шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүүнү сунуштады.
2010-жылы Жогорку Кеңешке аттангандардын шайлоо тоскоолу добуш бергендердин 5 пайызын, ал эми 2015-жылы 7 пайызын түзгөн. 2020-жылдын январынан тартып күчүнө кирген өзгөртүүлөрдө эми 9 пайыздан аз эмес бөлүгүн алууга тийиш эле.
Демилгечилер мындай бийик босого парламентке болгону бир нече ири саясий партиянын өтүшүн шарттап калат деген пикирде аталган мыйзам долбоорун киргизүүдө.
Бул жааттагы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Аны менен Жогорку Кеңештин сайтынан таанышууга болот. Ал — "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы деп аталат.
"Пропорционалдуу система боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын кийинки үч чакырылышында саясий партияларды чыңдоо эмес, майдалоо процесси улантылып жаткандыгы түшүнүктүү болуп калды. Кыска убакытта жаңы партиялардын пайда болуусу жана жок болуп кетүүсү, аларды трансформациялоо жана башка партияларга кошулуусу уланууда", — деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде.
Депутаттар шайлоо босогосун төмөндөтүү парламентте ар түрдүү партиялардын өкүлчүлүгүнүн болушуна өбөлгө түзмөк деген пикирде.
"Эгерде шайлоо тоскоолдугу чектен тыш бийик же округдун масштабы анча аз болбосо, анда кандай гана болбосун партия алынган добуштардын анча көп эмес пайызы менен мыйзам чыгаруу органында орун алышы мүмкүн",— деп айтылат документте.
Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбастыгы кошумчаланган.
Белгилей кетсек, 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоонун болжолдуу мөөнөтү — 4-октябрь. Аны так белгилөө боюнча чечим 26-июндан 6-июлга чейин кабыл алынат.