Казакстандагы жапырт мушташ эмнеден чыкканын ИИМ түшүндүрүп берди

10 февраля 2020 Казакстандагы жапырт мушташ эмнеден чыкканын ИИМ түшүндүрүп берди

Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районундагы жапырт мушташ жолдогу чатактан улам чыккан. Бул туурасында Sputnik Казакстан аталган өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Алексей Калайчидиге таянып кабарлады.

"5-февралда чатак жол талаштан улам болгон. Үч автоунаа кетип бара жаткан, дагы үчөө жүк ташуучу автокөлүк менен үйүнөн жаңы гана чыккан экен. Чырга алардын бири-бирине жол бербей койгону себеп болгон. Анын кесепетинен айтышып, андан соң мушташып кетишкен", — деди Калайчиди.

Чатак боюнча маалымат социалдык тармакка тарап, жаштардын арасында кызуу кандуулукту жаратып, андан соң жапырт мушташка айланган.

Министрдин орун басарынын айтымында, Казакстандын башка аймактарынан интернет аркылуу билдирүүлөрдү жиберген чагымчылдар табылган. Алардын арасында жалаң эле жаштар эмес, жашы өйдөлөп калгандар да бар.

"Алар урушту көргөн да эмес. Өздөрүнүн божомолу менен ой жүгүртүп, социалдык тармакка коюш керек деген ойго жетеленген. Анын кесепети ушундай абалга алып келди", — деген ИИМдин орун басар министри.

Ал учурда ведомство чагымчыл маалыматтарды кимдер тараткандыгын иликтөө уланып жаткандыгын кошумчалады.

Окуянын чоо-жайы

Эске салсак, 7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык автоунаасына таш ыргыткан.

Аталган мушташтан бир нече адам каза тапкан.

Ал күндөрү Кордай тараптан Кыргызстанга чек арадан балдар, аялдар, улгайганар өтүп, алардын бир нечеси Токмоктогу ооруканага жаткырылган.

9-февралда Казакстандын вице-министри келип Токмокто жаткан бейтаптарды алып кеткен.

Кордайдагы окуя тартип коргоо органдарынын көзөмөлүнө алынып, окуянын кесепетин жоюу жана анын кантип чыкканын аныктоо максатында Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары Бердибек Сапарбаев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Кийинчерээк Казакстандын Ички иштер министрлигинен Кордай районунун Масанчи айылындагы башаламандык кандай башталгандыгын айтып беришкен.

sputnik