Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков борбордук жана башка мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жээнбеков мындай буйрукка Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы №1 чечиминде көрсөтүлгөн сунуштамаларды аткаруунун алкагында кол койгон.
Мамлекет башчынын буйругуна ылайык, 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 "Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" чечимин аткаруудагы жетишсиз иши үчүн эскертүү түрүндө тартип жоопкерчилигине төмөнкү кызматкерлер тартылат:
— Улугбек Марипов — Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы;
— Зайырбек Эргешов — Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
— Акылбек Султанов — Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
— Бакытбек Сагынбаев — Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу.
Белгилей кетсек, Марипов 2011-жылдан 2015-жылга чейин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп эмгектенген. Кийин президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болгон. 2016-жылдын март айында Эсеп палатасынын төрагасы болуп дайындалган.