Үстүбүздөгү жылдын 30-январында Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу "Унаа" мекемесинин ишмердүүлүгүн текшерип, "канааттандырарлык эмес" деген тыянак чыгарган. Себеби ишкананын жетекчилиги коррупцияны жоюуга жана санариптештирүүгө багытталган иш-чаралардын жарымынан көбүн аткарган эмес.
Муну менен бирге "Унаанын" кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иши козголгон. Ал эми мекеменин директору Алымжан Козубаевге өзүнчө сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Натыйжада Коопсуздук кеңеши өкмөткө Козубаевди иштен алууну сунуштаган. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага да жөнөтүлөрү айтылган.
Андан бери беш күн өттү, өкмөт башчы бул боюнча реакция кыла элек. Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Абылгазиевден "Коопсуздук кеңешинин сунушу аткарылабы же четке кагылабы?" деп сурады. Өкмөт башчыга микрофон сунуу мүмкүнчүлүгү бүгүн ал Жогорку Кеңешке келгенде жаралды.
"Азыр барып карайбыз, анан жооп берем. Кагаздарды балдарга тапшырдык, андан кийин чечим кабыл алабыз", — деди премьер-министр.
Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстанга берген маегинде жогору жактын басымы менен Козубаевди кызматка дайындоого макул болгонун кыйыткан. Бул боюнча да Абылгазиев түзүгүрөөк жооп берген жок.
Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги Алымжан Козубаевдин кадр маселесинде шек жараткан коррупциялык иштери тууралуу материал даярдаган. Анда жетекчинин бир кызматты 2000 долларга баалаганы туурасында кеп козголгон.