5 февраля 2020
АКШнын Түндүк-Батыш университетинин окумуштуулары этти көп пайдалануу коркунучтуу илдеттерди, анын ичинен жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кыларын аныкташты. Бул тууралуу EurekAlert илимий басылмасы жазды.
Изилдөөгө 50 жаштын тегерегиндеги 29 682 миң ыктыярчы катышып, тамак рациону тууралуу маалымат беришкен.
Жыйынтыгында аптасына 2-3 жолудан көп эт жегендерде жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилиги 3-7 пайызга өсөрү белгилүү болгон.
Ошондой эле адистер кайра иштетилген эт (колбаса азыктары жана тооктун куурулган эти) дагы ден соолукка бир топ зыян келтирерин айтышты. Тагыраагы, бул азыктар кан тамырларды "булгап", анда тромбдун пайда болушуна себеп болот.