Эми өзүмдү кор кылбайм! Балалуу келиндин багын ачкан дарыканачылар

4 февраля 2020 Эми өзүмдү кор кылбайм! Балалуу келиндин багын ачкан дарыканачылар

Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Бул жолу балалуу, жалгыз бой келинге жардам берген дарыкана кызматкерлеринин жүрөк жылыткан окуясы баяндалат.

Окуяны "Ак жарыктын" негизги каарманы, жалгыз бой келиндин таанышы айтып берди.

Айкыз (аты өзгөртүлдү — ред.) айылдагы мектептердин бирин мыкты окуп бүтүргөн. Ата-энесинин жашоо шарты начар эле. Тыкан, татынакай, жылдыздуу, анан калса жакшы окуган кызга көп жигиттер ашык болду. Бирок ал жигит менен бейчеки басып, сүйлөшкөн жок. Анын үстүнө Айкыз бир аз сылтып басчу. Кичинесинде апасы колунан түшүрүп алыптыр. Ошол себептен көпчүлүккө да кошулгусу келчү эмес. Мектепти үйүнө түз барып, түз келип, ата-энесине жардам берип жүрүп бүттү.

Акыркы коңгуроо кагылып, соңку экзамендер аяктары менен Айкызды ата-энеси Бишкекке жөнөтөт. Жөнү бар болчу. Себеби Айкызды алам дегендер көп эле. Билимге дилгир кыз өз күчү менен жогорку окуу жайлардын бирине кийин мугалим болуп чыкчу факультетке бюджетке тапшырат.

Университеттен да жакшы окуп, мыктылыгын көргөзүп жүргөн учурда анын жашоосу таптакыр башка нукка өзгөрөт. Тагыраагы, жашоосунда жаңы адам пайда болот. Ал — Марат (аты өзгөртүлдү — ред.) эле. Бул жигит Айкызды университеттен бир көрүп эле жактырып калган. Артынан калбай жүрүп акыры ага жетет. Айкыз да аны жакшы көрчү. Бирок кабатырланган, жүрөгүн өйкөгөн маселе бар эле. Марат бардар үй-бүлөдөн чыккан шаардык жигит. Ал эми Айкыздын ата-энеси жөнөкөй, айылдык карапайым кишилер болчу. Анын үстүнө кыздын буту ооруйт. Бул тууралуу жигитине да айткан. Бирок Марат кеп байлыкта эмес экенин айтып туруп алган. Ошентип эки жаш баш кошот. Мараттын энеси мансапка манчыркаган, анча-мынчаны теңине албаган аял эле. Айткандай эле ал Айкызды башынан жактырган жок. "Кайдагы майып, кембагал немени алып келгенсиң" деп басынтып, ооз көптүрүп сүйлөчү. Үлпөт той өткөрүшкөндө кайненеси куда-кудагыйына басып барып, бир ооз сөз сүйлөбөй койгон. Аны билген Айкыз ал күнү кубанбай эле Маратка айтпай ыйлап, араң сооронгон. Кудагыйынын бул кылыгына Айкыздын ата-энеси унчуккан эмес, кантсе да карапайым адамдар эмеспи, "башкысы кызыбыз бактылуу болсун" деп баса беришкен.

Марат Айкызды аябай жакшы көрчү. Кийин бутун операция жасатабыз деп да убадалаган. Анысын энеси жактырбайт. Айкыздын боюна бүтүп, ай-күнү келип көз жарат. Кыздуу болуп, Айкыз өзүн бир аз бактылуу сезе баштаганда кайненеси күндө кулак-мээсин жеп, жасаган оокатына асылып айласын кетирет. Бир күнү апасынын айынан Марат Айкызды катуу урушуп, ага кол да көтөрөт. Таарынып, ызаланган аялы кызын алып таежесинин үйүнө кетип калат. Эки-үч күн өтүп үйүнө кайра келсе дарбазасы бек, кайненеси кулпусунан бери алмаштырып салганын көрөт. Ошондо Айкыз бул үйгө баары бир бүлө болбосун сезип, алардан биротоло кол үзөт. Кызын апасына каратып, ар кайсы жумушта иштей баштайт. Баса, Айкыз тапшырган окуусунан кош бойлуу кезинде чыгып калган. Буга да анын кайненеси күнөөлүү.

Жалгыз бой, балалуу аялдын кыйын күндөрү ушинтип башталган. Анын үстүнө буту ооруган адамга жумуш табуу кыйын. Ар кайсы кафеде идиш, пол жууп жүрүп бир күнү дарыканага пол жуугуч болуп кирет.

Дарыканада иштегендер аябай ак көңүл, боорукер адамдар болуп чыкты. Баары чогулуп акча чыгарып Айкызды фармацевтика факультетине тапшыртышат. Элестетиңиз, жөн гана бейтааныш адамдар жалгыз бой, жаш, балалуу келиндин ажатын ачышкан. Кыздын ары жагында бир нерсе бар экенин сезишти да.

Ошол күндөн баштап Айкыз жашоосуна жарык жанганын сезет. Ага чейин айылдан келген кыз шаардагы адамдар жалаң таш боор, мерез деп ойлогон. Шаардыктар акчалууларга гана жакшы мамиле жасайт деп ойлогон. Бирок дарыканачылар бул дүйнөдө боорукер адамдар да бар экенин Айкызга далилдешти.

Келиндин күйөөсү кийин кечирим сурап келген, бирок Айкыз андан баш тартып сот менен ажырашат. Азыр кызы эки жашта. Келин болсо окуусун аяктайын деп калды. Окуусу менен катар баягы дарыканада жакшы санаалаш эже-байкелери менен чогуу иштейт. Тапканы кызына, өзүнө жетет. Башкысы ал жашоодон ордун тапты. Эми өзүн эч кимге кор кылбайт...

Жарык чаччу иштерибиз көп болсун!..

sputnik