ЖМК: АКШ элчилиги Кыргызстанга диппочта менен 60 млн. доллар алып келди

3 февраля 2020 ЖМК: АКШ элчилиги Кыргызстанга диппочта менен 60 млн. доллар алып келди

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекке дипломатиялык жүк катары каттоодон өткөрүп, накталай 60 миллион доллар алып келгенин "Дело №" гезити жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, 26 таңгакта келген 880 килограммдык жүктү беш машина менен 15 дипломат тосуп алган. ЖМК диппочта 12-ноябрь күнү кечинде АКШнын Hillwood Airways компаниясы менен келген. Мунун баары андан бир жума мурда болгон, тагыраагы, америкалыктар тарабынан каржыланган интернет-басылмалар Кыргызстандагы коррупция тууралуу дембе-дем жазып калган маалга туш келгени белгиленет.

"Анча көлөмдүү болбогон (ондогон тонналап келгени да болгон) жүк үчүн коштоочулар өтө эле көп. Демек, ал өтө баалуу. Мындай жүктөрдү кароого кыргыз тараптын укугу жок. Бирок бир катар белгилерине карап АКШ элчилиги нак акча алганын боолголоого болот. Каражат ири суммада — 60 миллион доллардай. Эгер кыргыз валютасына ооштурсак, 4 миллиард 200 миллион сом болот", — деп жазат "Дело №".

Гезит жүктү дипломатиялык курьер, аскер адамдары, бир бөлүмдүн дипломатиялык катчысы жана башкалар тосуп алганын белгилейт. Басылманын сайтында аталган жүктү түшүрүп жаткан учур делип сүрөттөр жарыяланган.

"Дело №" бул акча "америкалык пландарды жүзөгө ашырган кыргызстандыктар" үчүн эле эмес, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда жашыруун долбоорлорду каржылоого багытталган деп ойлойт. Басылма Кыргызстанды мында өткөрүү пункту деп атоодо.

Гезит финансисттердин баасына таянууда. Таңгакталган буюм — акча, 60 миллион доллар. Маалыматта 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоо алдында Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд батышчыл ЖМКлардын өкүлдөрүнө гранттык колдоонун көлөмүн жогорулатканы айтылат. Басылма Бишкекке өткөн жылдын ноябрында алып келинген каражат 12 күндөн кийин колдонула баштаганын айтып, коррупцияга каршы өткөн "REAкция" аттуу митингди эске салат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы "Дело №" гезитине чыккан макала боюнча түшүндүрмө бере элек.

sputnik